ӨКМнын тик учагы 31-мартка чейин учуулар үчүн берилбейт. Себеби
RU

ӨКМнын тик учагы 31-мартка чейин учуулар үчүн берилбейт. Себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Airbus H145 тик учагы 8 күн бою учуулар үчүн жеткиликсиз болорун маалымдайт. Министрликтин маалыматына ылайык, бул күндөр аралыгында учкучтардын окуусу өтөт.

Швейцариядан келген учкуч-инструктор тарабынан жүргүзүлүп жаткан "Учкучтарды тоодо даярдоонун өзгөчөлүктөрү" программасынын алкагында окуу башталды. Биздин учкучтар 2500 метрден ашык бийиктикте конуу боюнча окуудан өтүп, эл аралык сертификаттарды алышат.

Мындан улам 23-марттан 31-мартка чейин Airbus H 145 тик учагы менен учууларды аткаруу мүмкүн эмес дешет министрликтен.

Белгилей кетсек, жеке жана юридикалык жактар да бул тик учакта белгиленген төлөм менен коммерциялык максатта уча алышат. Бул максаттан түшкөн каражат өлкөнүн бюджетине түшөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11024