Балдарга терс таасир эткен маалыматтарды тараткандарга айып салууну сунушталды
RU

Балдарга терс таасир эткен маалыматтарды тараткандарга айып салууну сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Жамиля Исаева жашы жете электер алган маалыматтарды көзөмөлдөө максатында бир катар мыйзамдарга, ошондой эле Жоруктар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Сунушталат

Депутат интернет аркылуу таратылып жаткан маалыматка жана балдарга тыюу салынган башка каражаттарга кошумча талаптарды киргизүүнү демилгеледи.

Кылмыш-жаза кодексине балдардын ден соолугуна жана дене-боюна, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирген маалыматтарды тараткандар үчүн айып пулду караган өзгөртүүлөр сунушталды.

Зордук-зомбулук, ырайымсыз мамиле, уят сөздөрдү колдонуу, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки тартуу көрүнүштөрүн камтыган маалыматтар жеке жак тарабынан таратылса анда 2000 сом өлчөмүндө айып салынат, юридикалык жакка 10 000 сомдон. Жалпыга маалымдоо каражаттарында же социалдык тармактарда терс таасир эткен маалыматтар болсо авторго 25 миң сом айып пул салуу сунушталууда.

Эмне үчүн сунушталат?

Автор 2015-жылы кабыл алынган "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, алардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө" мыйзамдын колдонуудагы редакциясы эскирген жана аны тактоо зарыл деп эсептейт.

Эл өкүлү балдарды жана өспүрүмдөрдү алардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоону камсыздоо үчүн мамлекеттик башкаруу, бизнес жана жарандык коомдун деңгээлинде аныктамаларды жана механизмдерди киргизүү керек деп эсептейт.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11041