10 күн ичинде Ысык-Көлдөн тонналаган таштанды чыгарылды
RU

10 күн ичинде Ысык-Көлдөн тонналаган таштанды чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ысык-Көлдү коргойлу" иш-чарасынын алкагында бүгүн, 22-мартка карата 2 тоннадан ашык таштанды чыгарылды. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашат.

Масштабдуу иш-чара 12-мартта старт алган. Анын алкагында суучулдар Ысык-Көл акваториясынын булганган тилкелерин таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иштери жүрүүдө.

Бир жума ичинде көлдүн 3800 гектар аянты тазаланып, 2200 килограмм таштанды жана 1500 метр балык уулоочу тор чыгарылды.

ӨКМнын суучулдары башында турган көлдү тазалоо жумушчу тобунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл, Ички иштер жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери да тартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11043