Афганистанда жер титирөөдөн 9 адам каза болду. Кыргызстанда жабыркагандар жок
RU

Афганистанда жер титирөөдөн 9 адам каза болду. Кыргызстанда жабыркагандар жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

22-мартка караган түндө болгон жер титирөө Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда үч баллга чейин сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 21-март күнү кечинде жер силкинүүнүн очогу Афганистандын аймагында катталып, күчү 8 баллга жеткени айтылган.

"Кыргызстанда жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок", - деп айтылат маалыматта.

Жердин силкиниши Казакстан, Өзбекстан, Индия, Тажикстан, ошондой эле Пакистанда дагы сезилгенин массалык маалымат каражаттары жазышты.

Анын кесепетинен Афганистанда тогуз адам каза болуп, 44ү жаракат алганын РИА Новости жазды.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11044