Баткенде 5 баллга жеткен жер титирөө болду
RU

Баткенде 5 баллга жеткен жер титирөө болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткендин Раззаков шаарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 23-мартка караган түнү жер силкинди.

Белгиленгендей, саат 02:07де Таджикистандын аймагында очогунда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Сүлүктү, Раззаков шаарларында 5 балл, Баткен шаарында 4 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11058