Президент чет өлкөлүктөргө инвестициялык виза берүү жөнүндө мыйзамга кол койду
RU

Президент чет өлкөлүктөргө инвестициялык виза берүү жөнүндө мыйзамга кол койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш ушул жылы кабыл алган тышкы миграция боюнча мыйзамына кол койду. Документ Юстиция министрлигинин сайтында жарыяланды.

Депутаттар Дастан Бекешев, Сейид Атамбаев жана Эльвира Сурабалдиева тарабынан демилгеленген мыйзамга ылайык, чет элдик инвестор төмөнкү учурда инвестициялык виза ала алат:

  • Кыргызстандын экономикасына 10 миллион сомдон кем эмес акчалай жана материалдык баалуулуктарды кошкондо, 5 жылга;
  • Эгерде инвестор өлкөнүн экономикасына кеминде 20 миллион сомго барабар акчалай жана материалдык баалуулуктарды кошкон болсо, 10 жылга.

Инвестор өлкөнүн экономикасына чет элдик валютада инвестиция алып келүүгө укуктуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11065