Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барат
RU

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жакынкы айларда президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик иш сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь маалымат жыйынында билдирди.

Анда Садыр Жапаровдун Кытай - Борбор Азия саммитине катышары айтылды.

Элчи Кытай бул сапарга чоң маани бере турганын белгилеп, учурда эки тарап даярдык көрүп жатканын кошумчалады.

"Кыргыстан менен Кытайдын кызматташтыгы жаңы деңгээлде өнүгүп жатат. Кытай азыр досчул кошуна, боордош мамлекет. Алдыда бул мамилени Кыргызстан менен дагы да илгерилетүүнү каалайт", - деди ал.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 11 айында эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 3 млрд. 678 млн. долларды түзгөн.

2021-жылы Кыргызстанга Кытайдан 233 миллион доллардан ашуун түз инвестиция келген. Былтыр тогуз ай аралыгында 219 млн. 701 миң долларды түзгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11066