Улуу Британия 190 миңден ашык мигрантты депортациялашы мүмкүн
RU

Улуу Британия 190 миңден ашык мигрантты депортациялашы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жакынкы үч жылда Улуу Британиянын бийлиги 190 миңден ашуун мигрантты депортациялашы мүмкүн, алардын дээрлик 45 миңи балдар. Бул тууралуу Британиянын Качкындар кеңешинин сайтында жарыяланган баяндамада айтылат.

Бул Улуу Британия мыйзамсыз миграция боюнча жаңы мыйзамды кабыл алган учурда ишке ашат. Мыйзамсыз иммигранттардын көбү Эритреядан, Судандан, Сириядан жана Ирандан. Аларды 28 суткага чейин камап, анан депортациялоого болот.

Маалыматка ылайык, депортациялоого мүмкүн болбогондордун арасынан мигранттарды убактылуу кармоо өлкөгө 9 миллиард фунт стерлинг чыгым алып келет. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Риши Сунак өкмөтү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11072