Апрелден баштап Россиядан Ысык-Көлгө күн сайын учак каттайт
RU

Апрелден баштап Россиядан Ысык-Көлгө күн сайын учак каттайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиядан Ысык-Көлгө авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт. Бул туурасында Россиянын Туроператорлор ассоциациясы билдирди.

Быйыл каттамдар июнь айынын эмес, апрелдин аягынан тарта жанданат.

Маалым болгондой, "Урал аба жолдору" компаниясынын учактары 27-апрелден баштап күн сайын "Тамчы" аэропортуна конуп турат.

"Былтыр Ысык-Көлгө болгон түз аба каттамдарга суроо-талап абдан жогору болгон. Быйыл дагы көп болушу күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11075