Садыр Жапаров Толкунбек Абдыгуловду Эл аралык валюта фондундагы кызматынан бошотту
RU

Садыр Жапаров Толкунбек Абдыгуловду Эл аралык валюта фондундагы кызматынан бошотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондундагы кеңешчи кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Толкунбек Абдыгулов 2021-жылдын сентябрь айында Улуттук банктын төрагалыгынан кетип, президенттин сунушу менен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11084