Акылбек Жапаров жыл аягына чейин 204 (!) мектепти бүтүрүп берүүнү убада кылууда
RU

Акылбек Жапаров жыл аягына чейин 204 (!) мектепти бүтүрүп берүүнү убада кылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жылдын аягына чейин республикада 204 мектептин курулушу аяктайт. Бул тууралуу Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Министрлер кабинети 204 мектептин, ошондой эле 49 бала бакчанын, 18 медициналык мекеменин жана 30 маданий объектинин курулушун бүтүрүүнү пландаштырууда. Бул объектилерди курууга бөлүнгөн жалпы сумма 9 миллиард сомдон ашык болот.

Эске салсак, буга чейин министрлер кабинетинин башчысы мамлекет жылына 24 мектеп курууну көздөп жатканын билдирген. Жалпысынан жакынкы бир нече жылда 546 мектеп жана бала бакча куруу пландаштырылууда. Ошол эле учурда Садыр Жапаров келерки жылдан тарта мамлекет мектептерди курууну токтотуп, эми алардын курулушу менен бизнес өкүлчүлүк алектене турганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11085