"Айыл Банк" 4 кредиттик продукт боюнча тарифтерди төмөндөттү
RU

"Айыл Банк" 4 кредиттик продукт боюнча тарифтерди төмөндөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
"Айыл Банк" насыя берүүнү стимулдаштыруу максатында "Айыл Чарба", "Өндүрүш Кредит", "Бизнес Кредит" жана "Тиричилик" продуктулары боюнча 2023-жылдын 27-мартынан тарта 2023-жылдын 1-июнуна чейин улуттук валютадагы кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүп, насыялоо параметрлерине убактылуу өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Ал токтомго ылайык, төмөнкү продуктулар боюнча пайыздык чендер өзгөрдү:

"Айыл Чарба" продуктусу боюнча

Насыянын суммасы:

  • 300 001 сомдон 1 000 000 сомго чейин - 19%;
  • 1 000 001 сомдон жогору - жылдык 18%.

"Өндүрүш кредит" продуктусу боюнча

  • Сом менен, жылдык - 18%.

"Бизнес кредит" продуктусу боюнча

Насыянын суммасы:

  • 300 001 сомдон 1 000 000 сомго чейин - 20%;
  • 1 000 001 сомдон 3 000 000 сомго чейин - 19%;
  • 3 000 001 сомдон жогору - 18%.

"Тиричилик" продуктусу боюнча

Керектөө максаттарына:

  • 300 001 сомдон 1 000 000 сомго чейин - 20%;
  • 1 000 001 сомдон 3 000 000 сомго чейин - 19%;
  • 3 000 001 сомдон жогору - 18%.

Ипотекага

  • Жылына 18%.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11090