Өзгөндө жер көчкү түшкөн аймактын тургундарына чатырлар тигилип жатат
RU

Өзгөндө жер көчкү түшкөн аймактын тургундарына чатырлар тигилип жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөн районундагы жер көчкү түшкөн Карл-Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесине 18 чатыр тигилүүдө. Чатырлар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бүгүн, 24-март саат 07:00дөн баштап тигиле баштаган.

Белгиленгендей, чатырлар кооптуу жерден 2200 метр аралыкта жайгашып, таза суу жана электр энергиясы орнотулду.

Эске салсак, 22-март күнү саат 05:00 чамасында Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1млн м3 жер көчкү түшкөн. Карл Маркс айылына I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланып, аймакта жайгашкан 18 турак жайда күн кечирип келген 195 тургун жеңил оокатары менен коопсуз аймакка көчүрүлгөн болчу.

Ал эми аталган аймактагы жер көчкү 2007-жылдын жаз айларында активдешип баштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11092