"Энергетиканын таза булактарын пайдалануу үчүн жер берүү жөнүндө" жарлыкка кол коюлду
RU

"Энергетиканын таза булактарын пайдалануу үчүн жер берүү жөнүндө" жарлыкка кол коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта азыркы учурда өлкөдө энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) пайдаланууга өтүү маселеси курч экени белгиленген.

"Казылып алынуучу отундун түрлөрү (көмүр, мунай, жаратылыш газы) күйүү учурунда атмосферага парниктик таасирдин өсүшүнө жана глобалдык ысып кетүүгө өбөлгө түзүүчү көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат.

Ал эми күн, шамал жана энергиянын башка булактары кирген ЭКБ экологиялык таза, анткени алар иштеген учурда дээрлик калдыктар жок, атмосферага же көлмөлөргө булгоочу заттар чыкпайт, мындан башка казылып алынуучу отунду казып алуу, кайра иштетүү жана ташуу менен байланышкан экологиялык чыгымдар жок. Ушуга байланыштуу ЭКБнын көпчүлүгү жашыл, башкача айтканда айлана-чөйрөнү булгабаган экологиялык таза энергетикага кирет", - деп айтылат маалыматта.

Энергетиканын кошумча булактары - өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жана электр энергиясына болгон баанын туруктуулугун камсыз кыла алат.

Буга ылайык Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, электр энергиясынын тартыштыгын жоюу, энергиянын кайра жаралбоочу булактарынан көз карандылык деңгээлин азайтуу, энергияны жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле айлана-чөйрөнү жана адамдын ден соолугун коргоо максатында тиешелүү мамлекеттик кызмат, анын жетекчилерине үчүн токтом түрүндө тапшырмалар берилди.

Жарлыкты аткаруу үчүн жоопкерчилик КР Энергетика министрлигине, КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, шаарлардын мэрлерине жүктөлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11099