Президент "Мурас" фондуна 13 миллион сом бөлөт
RU

Президент "Мурас" фондуна 13 миллион сом бөлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Байыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн күбөлөндүргөн 10 миң архивдик документтерди байыркы кытай тилинен азыркы кытай тилине, андан кийин кыргыз тилине которууга Садыр Жапаров президенттик фонддон 13 миллион сом бөлөт. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Facebook баракчасына жазды.

Айтымында, мындай демилге менен президентке "Мурас" фондунун башкармалыгынын төрагасы Кыяс Молдокасымов кайрылган. Ал эми Садыр Жапаров бул максаттарга президенттик фонддон акча бөлүп, жакынкы аралыкта "Мурас" фондунун эсебине которууну тапшырды.

"2019-жылы Кытай Тарых изилдөө институтунун кызматкерлери бизге Кытай архивдеринен кыргыз элинин байыркы тарыхына таандык архивдик материалдар табылгандыгын, ал маалыматтарга ылайык кыргыз эли жазма тарыхый булактарда б.з.ч. 10-кылымдарда эле кездешкендиги, мамлекет кургандыгы, ал тургай чоң мамлекеттер менен эл аралык мамилелерди жүргүзүп келгендиги тууралуу Кытай тарыхчысы Ю Тайшань өзүнүн эмгектеринде жарыялаганын билдирген.

Ошол табылган маалыматтарды которуу иштери ушул мезгилге чейин тиешелүү каражат табылбагандыгына байланыштуу токтоп турган.

Табылгалардын тарыхый баалуулугун жана маанилүүлүгүн эске алып, Президент Жапаровдун тапшырмасы менен президенттик фонддон 13 миллион сом бөлүп берүү боюнча тиешелүү чечим кабыл алынды. Жакынкы арада аталган каражаттар "Мурас" фондунун эсебине которулат", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11117