Кыргызстанга 8 тоннадай спирт ичимдигин мыйзамсыз алып кирмекчи болгондор аныкталды
RU

Кыргызстанга 8 тоннадай спирт ичимдигин мыйзамсыз алып кирмекчи болгондор аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусуна спирт ичимдиктерин мыйзамсыз ташып келүү ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашат.

Такталгандай, 24-мартта "Акжол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда коштоо документтери жок жүк Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз түрдө спирт ичимдиктерин алып келүү аракети болгон. УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан бул фактыга бөгөт коюлду.

Спирт ичимдиктери Кыргызстанга эл керектөөчү товарларга жамынып, 1 тонна өлчөмүндөгү атайын идиштерде ташылып келген. Жыйынтыгында алдын ала эсептөөлөр боюнча, ташылып келген алкоголдун жалпы көлөмү 8 тоннага жакын болгон. Жүктөр Mercedes-Benz Atego унаалары менен алынып келе жаткан.

Унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Чүй облусу боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы менен биргеликте товарлардын келип чыгышын, мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган текшерүү иш-чараларын жүргүзүү пландаштырылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11121