Кыргызстандын футбол боюнча курамасы CAFA турниринин алкагында Россия менен ойнойт
RU

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы CAFA турниринин алкагында Россия менен ойнойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын футбол боюнча курама командасы июнь айында өтүүчү Борбордук Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) чемпионатына катышып, турнирдин алкагында Кыргызстандын курама командасы менен беттеше алат.

TACC билдиргендей, беттештер 9-21-июнь аралыгында Бишкек жана Ташкентте өтөт. Алдын ала маалыматтар боюнча, мелдешке Кыргызстан, Тажикстан, Иран, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Афганистандын командалары катышат. Ошондой эле мелдешке дагы бир Азия курама командасын чакыруу пландалууда.

"Эгерде чемпионат Бишкекте болсо, мелдештин беттештери Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт", - деп билдирди Кыргызстандын футбол союзунун басма сөз кызматы TACC агенттигине.

Эске салсак, 2022-жылдын 24-сентябрында Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын курама командаларынын жолдоштук беттеши өткөн. Анда орусиялык команда 1:2 эсебинде жеңишке жеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11123