Кыргызстандагы банктардын уставдык капиталы 1 млрд. сомго көтөрүлдү
RU

Кыргызстандагы банктардын уставдык капиталы 1 млрд. сомго көтөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук банк "Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомун бекитти. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында жазылды.

Ага ылайык, жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү эң кеминде 1 млрд. сом деп болушу керек деп белгиленген.

Эске салсак, буга чейинки минималду сумма 600 млн. сом болчу.

Учурда иштеп жаткан банктар уставдык капиталын бир жарым жылдай учурдагы шартта кармап тура алышат.

Бирок, 2024-жылдын 1-июлунан тартып 800 млн., 2026-жылдын 1-июлунан тартып 1 млрд. сомго көтөрүшү керек.

Улуттук банктын токтомунда мындан сырткары "иштеп жаткан системалуу мааниге ээ коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө 2 млрд. сом өлчөмүндө белгиленери" көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11126