Майыптар арабасындагы кишини каналга түрткөн жарандын видеосу. Жабырлануучу каза болгон
RU

Майыптар арабасындагы кишини каналга түрткөн жарандын видеосу. Жабырлануучу каза болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте майыптар арабасында отурган жаранды каналга түртүп, окуя болгон жерден кетип калган жаран кармалды. Ал адамдын денесине оор залал келтирип, өлүмгө жеткиргенге шектелип жатканын Бишкек ШИИББден билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-мартта милицияга №4 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн билдирүү түшкөн. Анда 1988-жылы туулган Д.М. 11-12-омуртканын жабык компрессиялык сыныгы деген диагноз менен түшүп, каза болгону кабарланган.

Жерине ыкчам тергөө тобу барып, маркум 21-мартта Рыскулов жана Заводской көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналдан майыптар коляскасында табылганын аныкташкан.

Бул факты боюнча 130-берене (Адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары 1983-жылы туулган С.Ы. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш ишин тергөө улантылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11127