"Конкреттүү сунуштар керек". Япон ишкерлери кандай шартта Кыргызстанга инвестиция салат?
RU

"Конкреттүү сунуштар керек". Япон ишкерлери кандай шартта Кыргызстанга инвестиция салат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-мартта Акылбек Жапаров Япониянын тышкы соода уюмунун (JETRO) төрагасы Нобухико Сасаки баштаган жапон делегациясы менен жолугушуп, биргелешкен долбоорлорду жана кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров япониялык конокторго Кыргызстан өзүнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн кандай иштерди жасап жатканы тууралуу айтып берди.

"Биз ички жана тышкы бардык инвесторлор үчүн ачыкпыз", - деп баса белгиледи ал.

JETRO төрагасы 2022-жылдын 28-30-ноябрында Японияга болгон жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы менен болгон жолугушуудан кийин япониялык компанияларга Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр сунушталганын айтты.

"Япон компанияларынын Кыргыз Республикасына болгон кызыгуусу өсүүдө. Эми бул кызыгууну эки тарапты кызыктырган конкреттүү сунуштар менен толтуруу керек", - деп жыйынтыктады Нобухико Сасаки.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11137