Шоу бизнес, маданият өкүлдөрү президенттин "Жашыл шаар" акциясына катышты
RU

Шоу бизнес, маданият өкүлдөрү президенттин "Жашыл шаар" акциясына катышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, шоу бизнес өкүлдөрү "Жашыл шаар" акциясына катышып, ишембилик өткөрүштү. Иш-чараны ырчы Айбек Карымов демилгелеген.

Өнөр адамдары Бишкектеги сейил бактардын биринде ишембилик өткөрүп, дарактардын түбүнө биогумус салышты.

"Кесиптештерим мен сиздерге ыраазымын! Бүгүн чыныгы эмгек майрамы болду. Дайыма эл кызматында жүрүү деген ушул", - дейт уюштуруучу.

Белгилей кетсек, былтыр президенттин жарлыгы менен республикада "Жашыл мурас" акциясы башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11140