Президент өлкөнүн абадан коргонуу бөлүктөрүнө айттырбай барып, шарттары менен таанышты
RU

Президент өлкөнүн абадан коргонуу бөлүктөрүнө айттырбай барып, шарттары менен таанышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта Кыргыз Республикасынын абадан коргонуу бөлүктөрүнө пландан тышкары барып, алардын абалы менен таанышты. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Белгиленгендей, мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын карап чыкты.

1961-жылдан бери бул жердеги имараттар менен курулуштар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.

Президент Жапаров казармаларды жана офицерлер үй-бүлөсү менен жашаган турак жайларды куруу, капиталдык реконструкциялоо иштерин үч айдын ичинде бүткөрүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн башка шарттарын да жакшыртууну тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11147