Айгүл Жапарованын атындагы соцбаракча биринчи айымга таандык эмес
RU

Айгүл Жапарованын атындагы соцбаракча биринчи айымга таандык эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакта Айгүл Жапарованын атынан баракча ачып, кызыктыруучу белектерди убада кылган аккаунт биринчи айымга таандык эмес. Бул туурасындан президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

"Урматтуу интернет колдонуучулары, сиздерге төмөндөгү маалымат жалган экенин маалымдайбыз. Маал-маалы менен биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан жасалма баракчаларды ачып, чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандар бар. Бул баракча Айгүл Жапаровага таандык эмес. Ошондуктан андагы маалыматка ишенип, алданып калбоого чакырабыз", - деп жазат Орунбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11149