Азиз Мурадиллаевдин апасы Түрк дүйнөсүнүн мыкты актрисасы деп табылды
RU

Азиз Мурадиллаевдин апасы Түрк дүйнөсүнүн мыкты актрисасы деп табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-март Бүткүл дүйнөлүк театр күнү. Бул күнгө карата ТҮРКСОЙ эл аралык уюму "Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы эң мыкты актрисасын" жарыялады.

Маалым болгондой, ТҮРКСОЙдун ардактуу сыйлыгы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Анара Сыдыгалиевага ыйгарылды.

Анара Сыдыгалиева Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин апасы.

Эске салсак, Азиз Мурадиллаев 2022-жылы 17-декабрда 44 жаш курагында оорудан улам мезгилсиз дүйнө салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11150