Жалал-Абадда абоненттен сый акы алганга шектелген "Свет аке" кармалды
RU

Жалал-Абадда абоненттен сый акы алганга шектелген "Свет аке" кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунда абоненттерден системалуу түрдө акча талап кылууга шектелип РЭСтин кызматкери кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Коопсуздук комитеттин аталган облустагы башкы башкармалыгы тарабынан ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Аксы РЭСинин кассир-текшерүүчүсү - 1997-жылы туулган Т.А.А. кармалды. Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, электр-эсептегичти алмаштырбаган жергиликтүү тургунду административдик жоопко тартарын айтып, сый акы алганы аныкталды.

Аталган факты 251-берене боюнча (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) катталып, 25-мартта Т.А.А. 18 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иш-чаралары улантылып жатат.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы жарандарды ушул сыяктуу фактылар жана башка укук бузуулар боюнча маалыматы болсо (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 телефону аркылуу Башкы башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнө кайрылууну өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11153