УКМК: Кыргыз-тажик чек арасында көчөт тигүү жана башка бардык аракеттер токтотулду
RU

УКМК: Кыргыз-тажик чек арасында көчөт тигүү жана башка бардык аракеттер токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 27-мартка карата Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларында абал туруктуу экенин билдирди.

Маалыматка караганда, 25-мартта Баткен районуна караштуу Чыр-Дөбө айылында кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Ага милиция кызматкерлери, чектеш аймактардын айыл башчылары катышты.

Тараптардын жолугушуусуна тажикстандык жарандардын Көк-Таш айыл аймагындагы Дам-Арык тилкесине көчөт тигүү аракети себеп болгон. Суйлөшүүнүн натыйжасында аталган тилкедеги бардык иш-аракеттер токтотулган.

22–мартта Өзбекстандын Сох анклавынын тургундарынын ушундай эле иш-аракеттерине кыргыз-өзбек чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин бөгөт коюлган.

Мамлекеттик чек ара тилкелеринде чыр-чатактарга жана жагымсыз окуяларга жол бербөө үчүн Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү чектеш аймактарда жашаган калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүүнү сүйлөштү.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11175