Сауд Арабияда зыяратчыларды ташыган автобус кырсыкка кабылып, 20 адамдын өмүрү кыйылды
RU

Сауд Арабияда зыяратчыларды ташыган автобус кырсыкка кабылып, 20 адамдын өмүрү кыйылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сауд Арабиясында зыяратчыларды ташыган автобус кырсыкка кабылып, 20 адам каза болгону айтылган. Тышкы иштер министрлиги окуя боюнча маалымат таратты.

Кыргызстандын Сауд Арабия Падышалыгындагы элчилигинин алдын ала маалыматы боюнча, учурда жабыркагандардын жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок. Аталган маселе Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө турат.

Маалымат үчүн: Меккеге бараткан автобус Асир шаарындагы көпүрөгө кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен 20 адам каза болуп, 29 адам жаракат алган.

Айрым маалымат каражаттары өз булактарына таянып, кырсыкка учураган автобустун ичинде зыяратчылар Йеменден болгонун жазып чыгышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11194