Мурунку Исманкуловдун клиникасы жайгашкан имаратта неврология бөлүмү ачылат
RU

Мурунку Исманкуловдун клиникасы жайгашкан имаратта неврология бөлүмү ачылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурда жеке клиника жайгашкан №2 Клиникалык көп тармактуу оорукананын имаратында неврологиялык бөлүм ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 28-мартта саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова Бишкек шаарындагы №2 клиникалык көп тармактуу ооруканага барып, бөлүмдөрдү кыдырып, Катар фонду каржылаган имараттын курулушу менен таанышты жана мурда "Исманкуловдун көз микрохирургиясы" клиникасы ээлеп турган оорукананын имаратын карап чыкты.

"Оорукананы кыдырып чыгуунун жыйынтыгында жетекчилик жана кызматкерлер менен бирдикте неврология бөлүмүн бошогон имаратка көчүрүү жана бошогон имараттын керебеттеринин санын 80ге чейин кеңейтүү чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 11-мартта Алмазбек Исманкуловдун "Көздүн микрохирургиясы" клиникасынын кызматкерлери шаардык оорукананын имаратын бошотушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11203