Кыргызстандын курама командасы Индияга 0:2 эсебинде утулуп калды
RU

Кыргызстандын курама командасы Индияга 0:2 эсебинде утулуп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-мартта Индияда "Үч улуттун кубогу" эл аралык турниринин алкагында футбол боюнча Кыргызстан менен Индиянын курама командаларынын беттеши өттү.

Кыргызстандын курама командасы 0:2 эсебинде Индияга утулуп калды.

Биринчи тайм 0:1 эсеби менен аяктады. Индия үчүн биринчи голду 34-мүнөттө Сандеш Жинган киргизди. Экинчи гол 84-мүнөттө киргизилди – пенальтини Сунил Четри тепти.

Эске салсак, мелдештин алгачкы беттешинде кыргызстандыктар Мьянма менен 1:1 эсебинде тең чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11207