Мамбет Мамакеев менен Эрнст Акрамов 42 жылдан кийин элдешти. Видео
RU

Мамбет Мамакеев менен Эрнст Акрамов 42 жылдан кийин элдешти. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облустук ооруканасынын жамааты Kaktus.media сайтына кайрылып, "Медицина тармагындагы тарыхый окуя" – эки хирург Эрнст Акрамов менен Мамбет Мамакеевдин жарашуусу тууралуу жазуу өтүнүчүн келтиришти. Белгилүү хирургдардын урушу 42 жылга созулган. Чырдын себебин дарыгерлердин айтымында, хирургдар өздөрү гана билишет.

№2 хирургия бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Кулбачаевдин айтымында, оорукананын жалпы жамаатын кубанткан жакшы окуя 17-мартта болгон.

"Чынын айтсам, 40 жыл мурун эмне болгонун билбейбиз. Булар эмне үчүн ушунча убакыт сүйлөшпөгөнүн өздөрү билишсе керек", - дейт хирург Ярмухамед Абдулбакиев.

Анын айтымында, элдешүүнү Мамбет Мамакеев демилгелеген. 16-мартта кечинде өзүнүн биринчи жана эң мыкты окуучусу Эрнст Хашимовичке телефон чалган. "Эрнст Хашимовичтин кандай жашап жатканын билсем деген ой көп жылдар бою оюмдан чыга элек" деген. 17-мартта бизди өзүнүн клиникасында салтанаттуу тосуп алып. Хашимовичке чапан, калпак кийгизип, дасторкон жайып, бешбармак менен сыйлады. Мен Мамбет Мамакеевичтин керемет сөздөрүнө күбө болдум" - деди Абдулбакиев.

Мамбет Мамакеев ооруканага Акрамовдун ысымын ыйгарууга жардам берүүнү убада кылганын айтышты дарыгерлер. Чүй облустук ооруканасынын жамааты хирургдарга чың ден соолук, узун өмүр каалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11210