Изат Айдаркулова Монголияда өткөн төкмөлөрдүн айтышында 2-орунду багындырды
RU

Изат Айдаркулова Монголияда өткөн төкмөлөрдүн айтышында 2-орунду багындырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Төкмө айымдардын бири Изат Айдаркулова эл аралык айтышта байгелүү кайтты. Кыргыз улуттук "Манас" театрынан кабарлашкандай, айтыш Монголияда өттү.

Анда "Манас" театрынын төкмө акыны Изат Айдаркулова 2-орунду багындырды.

Устаты - Кыргыз Республикасынын Эл акыны Амантай Кутманалиев калыстар тобунда отуруу менен бирге Монголия Республикасынын Кобда аймагынын "Ардактуу атуулу" наамына ээ болуп, атайын сыйлык жана төш белги менен сыйланды.

Белгилесек, буга чейин "Манас" театрынын дагы бир төкмөсү Нурайым Бактияр кызы Казакстанда өткөн айтышта 2-орунду ээлеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11211