Бишкекте Памирден келген жигит сабалган. Милиция текшерүү баштады
RU

Бишкекте Памирден келген жигит сабалган. Милиция текшерүү баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда Памирден келген жигитти 26-мартка караган түнү Алтын-Казык конушунда сабап кеткени айтылган. Зарылбек Шермаматов аттуу интернет колдонуучу жабырлануучу тарап милицияга арыз менен кайрылса каттоосу жок деп карабай жатканын жазып чыккан.

Аталган окуя боюнча Биринчи Май РИИБинен Kaktus.kg сайтына тергөөгө чейинки текшерүү башталганын билдиришти.

26-мартта РИИБге А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Б. аттуу жигит ушул жылдын 25-мартында болжол менен саат 22:20 чамасында 2002-жылы туулган С.Н. атту уулун сабап койгондугун айткан.

Аталган окуя каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет дешет милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11213