Жети университеттин студенттери башка аймактарда билим ала алышат
RU

Жети университеттин студенттери башка аймактарда билим ала алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги 7 университет академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча меморандумга кол койгонун маалымдады. Ага ылайык, студенттер алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Алар университеттердин биринде жарым семестр билим ала алышат.

Кол койгон жогорку окуу жайлар:

  • Баткен мамлекеттик университети;
  • Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети;
  • И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети;
  • С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети;
  • А. Мырзабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети;
  • Талас мамлекеттик университети;
  • К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11215