Бишкектеги көчөлөрдүн кесилишинде өспүрүм кыз зордукталган
RU

Бишкектеги көчөлөрдүн кесилишинде өспүрүм кыз зордукталган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек ШИИББи акыйкатчы Атыр Абдрахматованын жардамы менен жашы жете элек кызды зордуктоо боюнча козголгон кылмыш ишин көзөмөлгө алды.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиргендей, 2022-жылдын август айында акыйкатчыга борбор калаанын 43 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылы Панфилов жана Лев Толстой көчөлөрүндө анын 16 жаштагы кызын Бекжан аттуу адам зордуктап салганы айтылган. Ата-эне кызынын зордукталганын эки жылдан кийин гана билген. Ал адам Акыйкатчыдан жардам сурап, ички иштер органдарына да арыз менен кайрылган.

Арыз Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинде катталган. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгында кылмыштын курамы жок болгондуктан тергөөчү кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Анан райондук прокуратура тергөөчүнүн чечимин жокко чыгарып, ишти Биринчи май РИИБинин башка тергөөчүсүнө жөнөтүп, ал КР Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, бирок кийин аны жаап салган.

Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин райондук прокуратура тергөөчүнүн кылмыш ишин жабуу боюнча токтомун жокко чыгарып, ишти Бишкек ШИИББине тергөөгө жөнөткөн.

Учурда жашы жете элек кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши Бишкек ШИИББдин тергөө кызматы тарабынан көзөмөлгө алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11227