50дөн ашык уюлдук телефон уурдаган жарандар кармалды
RU

50дөн ашык уюлдук телефон уурдаган жарандар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жайыл РИИБдүн кызматкерлери тарабынан түштүк аймагынан уурулукка шектелген топ кармалды

2021-жылдын 30-март күнү Чүй облусунун ИИББнин жана Жайыл РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзулгөн ыкчам издөө иш-чаралырынын натыйжасында Жайыл районунун Сосновка айылындагы стационардык тосмодон кылмышка шектүү жарандар кармалышкан. Алар бир нече уурулукка шектелип, Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ИИБи тарабынан изделип жатышкан.

Кармалган жарандар жүргөн автоунаага кароо жүргүзүү учурунда 50 дөн ашык уюлдук телефондор жана 70 ден ашык "Самсунг жана Редми" үлгүсүндөгү телефондордун бош кутулары алынган. Шектүү жарандар Жайыл РИИБсине жеткирилип, териштирүү учурунда Ноокен жана Өзгөн райондорунан бир нече кылмыштарга тиешеси бар экендигин билдиришкен.

Ар тараптуу териштирүү иштерин жүргүзүү максатында, кармалган 1998-жылы туулган Д.Т., 1999-жылы туулган Т.А., 1993-жылы туулган М.О. жана 2000-жылы туулган М.И. аттуу жарандар автоунаасы жана далил буюмдары менен Ноокен РИИБсине өткөрүлүп берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1122