Кыргыз-кытай чек арасында жүк ташуучу унаалар топтолууда. Чек ара кызматынын түшүндүрмөсү
RU

Кыргыз-кытай чек арасында жүк ташуучу унаалар топтолууда. Чек ара кызматынын түшүндүрмөсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

30-мартка карата "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө постунун алдында жүк ташуучу унаалар топтолуп жатат. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, автоунаалардын топтолушуна Кытай тараптын COVIDге каршы чектөөлөрдү алышы жана анын натыйжасында Кытайга каттаган унаалардын агымынын көбөйүшү себеп болууда. Мындан тышкары Кыргызстандын жүк ташуу менен алектенген жарандарына берилүүчү визалардын саны көбөйтүлгөндүгүнө байланыштуу.

Чек ара кызматы автотранспорттордун кыймылы өткөрмө бекетинин өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн бир нече эсе көп экенин, буга байланыштуу "Торугарт" өткөрмө бекетинин кызматкерлери күнү-түнү иштеп жатканын кошумчалады.

Мекеме айдоочуларды жана жүк ташуучуларды бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11255