Баткенде 16 тонна күрүч контрабандалык жүк катары алынды
RU

Баткенде 16 тонна күрүч контрабандалык жүк катары алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде жалпы баасы 2 миллион сомго жакын аткезчилик жүк аныкталды. УКМКнын маалымат кызматынан белгилешкендей, алынган жүк - өзгөн күрүчү.

УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте 30-мартта С.С.М. аттуу жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 16 тонна (болжолдуу баасы 2 млн сомго жакын) өзгөн күрүчү табылган. Азыркы учурда ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11261