Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоп, унааларды сатып алат
RU

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоп, унааларды сатып алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй бир катар документтерге кол коюшту. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдирди.

Кандай документтерге кол коюлду?

  • Кытайга электр энергиясын экспорттоо жөнүндөгү меморандум;
  • Кыргызстан - Кытай 500 киловольт электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндөгү меморандум;
  • Кыргыз - Кытай СУАР Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндөгү макулдашуу;
  • Ысык-Көл облусу менен СУАРдын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндөгү протокол;
  • Синьцзян медициналык университетинин экинчи ооруканасы менен медициналык кызматташуу боюнча макулдашуу;
  • "Или-Синхэ" ЖЧШ жана "БТК" ЖЧКсынын ортосунда автоунааларды сатып алуу боюнча келишим.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11266