Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулуп, Бишкектин Ленин районуна аким болду
RU

Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулуп, Бишкектин Ленин районуна аким болду

Все самое интересное в Telegram

Бишкектин Ленин районунун акими болуп Мураталы Тагаев дайындалды. Маалыматты борбор калаа башкармалыгынан кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Белгилесек, 3 күн мурда Русланбек Тагаев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Ленин районунун акими кызматынан бошотулган.

Мураталы Тагаев Жалал-Абад шаарынын экс-мэри болгон. 2022-жылы март айында Жети-Өгүз районуна аким болуп дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11277