Милициянын кайгуул кызматкерлери айдоочуларга суу жана курма таратышты
RU

Милициянын кайгуул кызматкерлери айдоочуларга суу жана курма таратышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы Instagram баракчасына жагымдуу видео бөлүштү. Анда кайгуул кызматкерлери айдоочуларды Орозо айынын башталышы менен куттукташты. Алар Бишкекте 29-мартта орозо кармаган айдоочуларга суу, курма таратышкан.

Видеодон Чүй проспектисинде, Киев, Токтогул жана Москва көчөлөрүндө суу менен курма таратып жаткан жол тескөөчүлөрдү көрүүгө болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11278