Ош базарында дары-дармектер мыйзамсыз сатылууда. Рейддин жыйынтыгы
RU

Ош базарында дары-дармектер мыйзамсыз сатылууда. Рейддин жыйынтыгы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

30-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдар департаментинин, Ленин райондук администрациясынын жана Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топ дары-дармектердин мыйзамсыз сатылышы боюнча текшерүү жүргүздү. Рейд "Ош базарында" жана "Берекет универсал" соода комплексинин аймагында өткөн.

Анда дагы деле дары-дармектер мыйзамсыз сатылып жатканы аныкталган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 284-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Дары-дармек департаментинин кызматкерлери тарабынан өз алдынча мыйзамсыз дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды саткан жарандарга протоколдор түзүлдү. Баары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бешөөнө айып салынды.

Бул сындуу рейддер мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүү пландалууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11281