Марат Аманкулов депутаттык мандатын тапшырат. Ага кылмыш иши козголду
RU

Марат Аманкулов депутаттык мандатын тапшырат. Ага кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин КСДП партиясынан депутат Марат Аманкулов парламентарийдин мандатын тапшырат. Бул маалыматты Kaktus.media'га Борбордук шайлоо комиссиясы тастыктады.

Эске салсак, УКМКнын маалыматы боюнча, ЖКнын депутаты Аманкуловдо көңүл-ачуучу-соода борбору, Бишкек жана Ысык-Көл облусунда 14 жер участоктору, үч офистик жана турак-жай эмес имараттар, беш батир, "Каприз" эс алуу борборунда коттедж, үч особняк жана жогорку класстагы беш автоунаасы бар.

Жогоруда аталган активдердин рыноктогу орто баасы 1,5 миллиард сомдон жогору болот.

Аманкулов мыйзамсыз байыган деп айыпталууда. УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин айтымында, Аманкулов айып пулдун бир бөлүгүн төлөдү.

Өткөн шайлоодо Аманкулов "Биримдик" партиясын жетектеген.

Аманкуловдун ордуна ким келет?

КСДПнин тизмеси боюнча Марат Аманкуловдун ордуна Рысбаев Равшанбек Рысбаевич келет. Учурда ал Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1128