Президент эски автобустарды тез арада металлоломго чыгарууну тапшырды
RU

Президент эски автобустарды тез арада металлоломго чыгарууну тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментин пландан тышкары текшерип барды. Бул туурасында бүгүн, 1-апрелде президенттин басма сөз катчысы билдирди.

Департаменттин аймагында көп жылдардан бери жараксыз абалга келген шаардык автобустар токтоп турат. Мамлекет башчынын тапшырмасы менен жакын арада шаардын муктаждыктары үчүн 1000 жаңы автобустун партия келери күтүлүүдө.

Борбор калаада транспорт маселесинин акырындап чечилиши менен бардык кичи автобустар шаардын четине чыгарылат.

Президент борбор калаанын муниципалитетине жараксыз болгон бардык эски автобустарды тез арада металлоломго чыгарууну жана аймагын кеңейтип, жаңы автобустарга орундарды даярдоону тапшырды.

Ушул эле башкармалыктын аймагында техникалык тейлөө станциясын куруу боюнча иштерди тездетүү тапшырылды. Аны келишим боюнча жаңы алынып келинген автобустардын өндүрүүчүсү болгон кытайлык завод курат.

Техникалык тейлөө станциясында бардык жаңы автобустар күнүмдүк оңдоодон тез өткөрүлүп, алардын техникалык абалы жакшы сакталып турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11291