Жалал-Абадда дайынсыз болгон окуучуну 100дөн ашык адам издеди
RU

Жалал-Абадда дайынсыз болгон окуучуну 100дөн ашык адам издеди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунда окуучу дайынсыз болууда. ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришкендей, ал Базар-Коргон районунун Ак-Булак айылындагы үйүнөн чыгып кеткен.

Куткаруучуларга 1-апрелде 2009-жылы туулган М.Ф. дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерин жүргүзүүгө 6 куткаруучу, 5 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 100 адам тартылган.

Кеч киргенге чейин издөө иштеринен жыйынтык болгон жок. Бүгүн, 2-апрелде издөө иши улантылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11295