Кыргызстанда медиа сабаттуулук боюнча "Текшердим" улуттук кампаниясы башталды
RU

Кыргызстанда медиа сабаттуулук боюнча "Текшердим" улуттук кампаниясы башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интерньюс Кыргызстандагы REVIVE жана Media-K долбоорлорунун алкагында медиа сабаттуулук боюнча "Текшердим" улуттук маалыматтык кампаниясынын башталышы тууралуу жарыялайт. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында маалымдалды.

Акциянын Максаты - Кыргызстандын калкынын медиа жана санариптик сабаттуулуктун маани-маңызы жөнүндө маалымат берүү.

Долбордун алкагында республика боюнча максаттуу аудиторияны камтууну пландаштыруу.

Маалыматтык кампанын максаттары кыргызстандыктарга тѳмѳнкү кѳндүмдѳрдү бекемдѳѳгѳ жардам берүү болуп саналат:

  • жалган маалыматты айырмалоо;
  • ар кандай маалымат булактарын талдоо жана алардын ичинен эң ишенимдүү жана ишенимсиздерин тандоо;
  • өзгөчө интернетте таратылган маалыматтын чын-төгүнүн айырмалай билүү.

Акция "Медиа Сабак" коомдук фонду жана ololoMedia санариптик агенттиги менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

"Эбегейсиз зор мүмкүнчүлүктөр менен бирге технологиянын өнүгүшү олуттуу кыйынчылыктарды жаратат. Адамдар профессионалдык медианы азыраак окушат жана социалдык баракчаларды көбүрөөк окушат. Окуган же уккан нерселеринин негизинде алар социалдык маанилүү темалар боюнча өз пикирин түзүшөт. Булар медиа керектөөнүн жаңы адаттары болуп саналат".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11301