Түптө 20 килограммга жакын баңгизат сактап жүргөн тургун аныкталды. Видео
RU

Түптө 20 килограммга жакын баңгизат сактап жүргөн тургун аныкталды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түп районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн 20 килограммга жакын баңгизат табылды. Маалымдалгандай, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына үйүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын сактап, сатууну көздөп жүргөн жаран тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө кылмышка шектүү Түп районунун 1970-жылы туулган П.А. аттуу тургуну экени аныкталды.

Аталган факты боюнча 282-берененин 2-бөлүгүнүн (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыштуулуктун бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн амалдардын алкагында П.А. аттуу жарандан 7 килограмм 816 грамм марихуана алынган. Ал эми үйдүн жер төлөсүн тинтүү учурунда дагы 11 килограмм 750 грамм салмактагы гашиш табылган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 19 кг. 566 гр түзгөн. Кармалган жаран Каракол шаарындагы тергөө изоляторуна киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11311