"Манчестер Юнайтеддин" мурдагы оюнчусу "Ак шумкарлардын" машыктыруучусу болушу мүмкүн
RU

"Манчестер Юнайтеддин" мурдагы оюнчусу "Ак шумкарлардын" машыктыруучусу болушу мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын Андрей Канчельскис жетектеши мүмкүн.

Машыктыруучу өзү өзбекстандык Championat Asia порталына кайра машыктыруучулукка кайтууга аз калганын билдирген.

"Жаңы клуб менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мен үчүн нормалдуу көрүнүш. Мен азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн учуп жатам. Балким кийинки жумада жаңылыктар болушу мүмкүн. Бирок бул Европада эмес", - деди 54 жаштагы спортчу.

Ошондой эле өздүк булактын айтымында, "Абдыш-Ата" командасы россиялык машыктыруучу менен байланышка чыккан.

2-апрелде Бишкекте 54 жаштагы адисти көргөндөр да болгон.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кеткени белгилүү болгон.

Канчельскис менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы деген суроого Кыргызстандын футбол союзу "бүгүндөн тарта жаңы машыктыруучу издей баштайбыз" деп жооп берди.

Белгилей кетсек, буга чейин Канчельскис "Торпедо-ЗИЛ", "Уфа", "Юрмала" жана "Соларис" командаларын жетектеген. Россиялык машыктыруучунун акыркы клубу өзбекстандык "Навбахор" болуп, ал жерде 2018-2019-жылдары жана 2019-2020-жылдары иштеген.

Ал буга чейинки эң ийгиликтүү жана титулдуу россиялык футболчулардын бири. Футболдук карьерасында ал Манчестер Юнайтед, Манчестер Сити, Эвертон жана башка клубдарда ойногон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11331