Казак генералы Кыргызстан аркылуу Түркияга качып кеткен
RU

Казак генералы Кыргызстан аркылуу Түркияга качып кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алматы облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Серик Күдебаев өкүм чыгар алдында Казакстандан качып кеткен. Ал эл аралык издөөгө алынганын Жетису облустук сотунун судьясына таянуу менен Informburo жазды.

"Прокурордун айтымында, Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 23-мартта Күдебаев "Манас" аэропортунан (Бишкектен) Стамбулга учуп кеткен. Айыпталуучунун мындан ары качып кетишине жол бербөө үчүн Күдебаев эл аралык издөөгө алынды", - деди судья Абдилла Умбетай.

58 жаштагы милициянын генерал-майору Серик Күдебаев Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 362-беренесинин (Кызмат абалынан же ыйгарым укуктарынан аша чабуу) 2-бөлүгү боюнча айыпталууда.

2022-жылдын январында Алматы жана Мангистау облустарында массалык башаламандыктарга байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин Күдебаев Алматы облусунун коменданты болуп дайындалган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Күдебаев өзү кайтарууга тийиш болгон башкармалыктын имаратынан куралчан күзөтчүлөр менен чыгып кеткен. Натыйжада тополоңчулар имаратты басып алып, андагы курал-жарактарды уурдап кетишкен.

Былтыр апрель айынын соңунда Серик Күдебаев өз каалоосу менен Алматы облусунун милициясынын башчысы кызматынан кеткен. Ошол эле жылдын май айында январь окуясы боюнча кылмышка шектүү деп кармалган. Күдебаевдин иши боюнча сот ушул жылдын январь айынын башында башталган. Айыптоочу тарап айыпталуучуну тогуз жылга эркинен ажыратууну суранган. Өкүм 10-мартта жарыяланышы керек болчу, бирок Күдебаев ооруканага жаткырылып, андан кийин соттук отурум бир нече жолу жылдырылган.

Соттун жүрүшүндө генерал-майор үй камагында болгон. 3-апрелде ал мурунку соттук отурумдарга келбегендиктен, сотко мажбурлап алып келиниши керек болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11335