Депутаттар аткамирлердин декларацияларын жок кылуу мыйзамын жактырышты
RU

Депутаттар аткамирлердин декларацияларын жок кылуу мыйзамын жактырышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

3-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде капиталды легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө мыйзам долбоору каралды.

Талкууда депутат Дастан Бекешев Экономика министрлиги уурулук, тоноо, алдамчылык өңдүү кылмыштарды алып салганын, бул үчүн жарандар мүлкүн легалдаштырып жатканын белгиледи.

"Бирок бир нерсе бар: коррупционерлерге мүлкүн мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк калтырып жатасыңар, алар бул мыйзамды албетте пайдаланат, ушул адилеттүүбү?", - деди депутат.

Экономика министрлигинин башчысы Данияр Амангелдиев сөз мүлктү легалдаштыруу, аны экономикага айлантуу боюнча гана болуп жатат деп жооп берди.

"Бул универсалдуу декларацияга даярдануу болуп саналат. Ал эми кылмыш иштери боюнча, аларга өзүнчө юридикалык баа берилет", - деп кошумчалады министр.

Бекешев декларациялардагы маалыматтар жашыруун болорун, эгер кимдир бирөө аны ачыкка чыгарса, бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын баса белгиледи.

"Менимче, эгерде бийлик толук мыйзамдаштырууну кааласа анда декларанттын өзү тууралуу маалыматты көрсөтүү керек. Декларация толтурууга Министрлер кабинетинин мүчөлөрү өздөрү даярбы?" - деп сурады эл өкүлү.

"Мен ошондой деп ойлойм. Бул биздин республиканын ар бир жаранына тиешелүү болот. Эгерде бул мыйзам иштеп, жарандар аны пайдаланса, долбоордун түпкү максаты ийгиликтүү болот. Ал эми анын түпкү максаты - менчикти экономикага айландыруу гана", - деп жооп берди Амангелдиев.

Өз кезегинде Камила Талиева коом мүлктү легалдаштырууга каршы экенин белгиледи. Ал Экономика министрлигинен жарандарга мыйзам долбоорун кабыл алуу зарылдыгын түшүндүрүүнү суранып, аны "саясий эрк" деп атады.

Фархад Алимжанов мыйзамдаштыруу кампаниясынан пайдалангысы келбегендерге кандай чаралар каралганын сурады. Амангелдиев бул мүлкүн легалдаштырам дегендерге мүмкүнчүлүк деп жооп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11349