Баткен, Жалал-Абад жана Ош областарында "Коопсуздук-2021" машыгуусунун башталды
RU

Баткен, Жалал-Абад жана Ош областарында "Коопсуздук-2021" машыгуусунун башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 1-апрелинде "Коопсуздук-2021" Биргелешкен командалык штабдык жана мобилизациялык машыгуусунун биринчи этабы башталды. Бул тууралуу КРдин Коргоо министрлиги маалымдады.

Биринчи этаптын темасы – аймактын мамлекеттик башкаруу органдары жана өзүн-өзү башкаруу органдары аскердик жана өзгөчө абал шарттарында өзүнчө аймактарда тапшырмаларды аткаруу жана даярдыкка келтирүү болуп саналат. Машыгуунун башталыш аземинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Таалайбек Омуралиев сөз сүйлөдү.

"Куралдуу Күчтөр биздин мамлекеттин эгемендүүлүгүн коргоого даяр экендигин далилдейт. Биз Кыргызстандын жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыздашыбыз керек",- деп баса белгилеп кетти.

Машыгуу 2021-жылдын 1-апрелинен 3-апрелине чейин Баткен, Жалал-Абад жана Ош областарында жүрөт.

Машыгууга 2 миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобилдер, брондолгон жана атайын техникалар, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле, 10дой авиациялык техника тартылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1134